Бүгүн Бишкектин мэриясынын алдына №64-бала бакчанын кызматкерлери пикетке чыгышты (фоторепортаж)

Бүгүн, 6-июнда эртең менен Бишкектин мэриясынын алдында Ленин районундагы Тынчтык-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №64-бала бакчанын 10го жакын кызматкери нааразычылык акциясын уюштурушту. Алар аталган бала бакчанын башчысы Дамира Жугашбаеваны кызматтан бошотуу талабы менен чыгышты.

Митингчилердин айтымында, ал 20 жылдан бери мекемени башкарып келет. “Ушул убакыттын ичинде ал бала бакчанын кызматкерлерине өз үйүн жыйнаткан. Мындан тышкары Д.Жугашбаева балдарга менюну түзгөндү дагы деле билбейт. Ал эми бизге болгон мамилеси өтө начар”,- деп нааразычылыктары менен бөлүштү алар.

“Биздин негизги нааразычылыгыбыз - Д.Жугашбаеванын бир топ жолу соттолгондугу. Ал “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана "мамлекеттик мүлктү уурдоо" беренелери боюнча айыпталууда. Учурда жүрүп жаткан соттук иштерде биз күбө катары катышуудабыз”,- дешти бала бакчанын кызматкерлери.

Митингчилер менен эң биринчи болуп Шаар башкармалыгынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жолугушту. Ал талаптарды угуп, мэриянын Билим берүү департаментинин башчысына Д.Жугашбаеваны убактылуу кызматтан бошотууну буйруду.

Андан соң Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов митингчилердин нааразычылыктары менен таанышып, “Бул маселени мэрия эмес, тиешелүү сот чечет. Сот өз токтомун чыгаргандан кийин мэрия аны аткарат” деп айтты. Бул маселени толук изилдеш үчүн ал бала бакчанын кызматкерлерин дүйшөмбү күнү мэрияга чакырды.

Өз жумуштары менен шашып бара жаткан Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов да митингчилер менен сүйлөшүп калды. Аябай шашкандыктан, ал тиешелүү комиссияга кайрылууну суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан