5-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын эмгек, адам укугу жана демократия иштери боюнча жардамчысынын орун басары Каренж Ханрахан жана АКШнын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратленди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда адам укугун коргоо, Ош шаарындагы улуттар аралык мамилени чыңдоо багытында алып барылып жаткан иштер, коомдун өсүшү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Өз кезегинде калаа башчысы 2010-жылкы коогалаңдан кийин кайра калыбына келтирүү жумуштары жана учурда улут аралык мамилелерди чыңдоо багытында мэрия тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Ал эми келген меймандар иштиктүү жолугушуу үчүн Ош шаар башчыларына ыраазычылык билдирип, пайдалуу кызматташуу уланарын айтышты.