Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкаруусунун тургундары менен шаар мэри Муктар Арапбаев жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда калаа башчы айыл чарба ишин жакшыртуучу сунуштарды киргизип, эгерде каалоочулар болсо дыйканчылык боюнча окууга жиберерин айтты.
Ал эми тургундар мындай окуулар айыл турмушун жакшыртууга өбөлгө болорун белгилешти.