Жалал-Абад облусунда чет элдик туристтер жана эс алуучулар көп келген бир нече ири туристтик аймак бар. Облус аймагындагы туризмди өнүктүрүү үчүн КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин өкүлчүлүгүн ачуу маселеси көтөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, туристтик аймактардын ичинде “Жалал-Абад” белгилүү санаторийи, “Арстанбап” туристтик базасы жана пансионаттар, “Кызыл-Үңкүр”, “Сафед-Булон”, “Сары-Челек”, “Көк-Арт”, “Саймалуу-Таш” жаратылыш сейил бактары, ошондой эле Беш-Арал, Сары-Челек, Падыша-Ата коруктары бар.