Өзбекстандын аймагында жайгашкан КРнын Барак эксклавынын тургундарынын курулуш материалдарын Кыргызстандын аймагына көчүрүп келүү иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, өкмөттүн ушул жылдын 2-майындагы тапшырмасын аткаруу максатында Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундарынын курулуш материалдарын Кыргызстандын аймагына көчүрүп келүү үчүн 7 оор жүк ташуучу унаа бүгүн саат 07:30да жөнөп кетти.
Айта кетсек, Барактагылар үчүн Кара-Суу районунан жер тилкелери бөлүнүп берилген.