Маалыматка ылайык, балдар үчүн атайын селкинчек жана оюнчуктарды бала бакчага берүүгө “Жогорку Нарын каскаддары” жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Игорь Горбенко жана аппарат жетекчиси Эмилбек Алымкулов келди. Ошондой эле иш-чарага Нарын шаарынын жетекчилиги да катышты.
“Биз ушул бала бакчада кезектеги акциябызды өткөрүп жатабыз. Алдыда дагы акциялар улантылып турат”,- дейт И.Горбенко.