Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,5 миллиард доллардан ашты

2014-жылдын 1-майына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы (ички жана сырткы) 3 миллиард 565 миллион 863 миң АКШ долларына барабар болду. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин “Ачык бюджет” порталында жазылууда.

Аталган сумманы КРнын валютасына келтирсек, 187 миллиард 596 миллион 893 миң сом болот. Белгилей кетсек, КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, бүгүн, 6-июнга карата АКШ долларынын баасы 52,6091 сомго барабар. 

Жалпы мамлекеттик карыздын тышкы карызы 3 миллиард 326 миллион 887 миң АКШ доллары (175 миллиард 24 миллион 557 миң сом). Ал эми ички карыз 238 миллион 976 миң АКШ доллары (12 миллиард 572 миллион 336 миң сом).

Белгилей кетсек, жакында Жогорку Кеңеште "Кыргызстандын тышкы карызы акыркы 4 жылда 626 миллион долларга өстү" деп айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
dream2013
2014-06-06 11:51:08
Кыргызстандын карызы эмес жеп ичкичтердин карызы депутат ичип жеген министрлердин карызы .ар бир жеп ичкичтердин мулкун конфискацияласанар эле карыздан кутуласынар.
+7
Aviator
2014-06-06 14:12:20
dream2013, красавчик.
0
semakg
2014-06-06 16:07:46
dream2013, Туура айтасын 120жепутаттын ар биринин кирешеси орточо 3млн сомдун тегерегинде экен бул кагазга корсоткону дагы чыгашаларычы автосуна жардамчысына квартирасына телефону ж.б.у.с. коп чыгымдары бар жалпысынан 1млрд.сомдон ашыгын ушулар жейт экен
0
4alma77
2014-06-06 12:14:59
акыркы 4 жылда 1,86 млрд доллар карыз кылышты.
+1
Beksultan01
2014-06-06 12:41:46
Кийинки жылды карыздардан кутулуу жылы деп жарыялаш керек.
0
Asus77
2014-06-06 16:33:34
120 жеп жутарлар орточо эсеп менен, айына жок дегенде 100миң сомдон айлык алса,бир айда 12 млн ошолордун чөнтөгүнө кетет.Анан албетте карызга батабыз да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан