Маалыматка ылайык, аталган ишкананын ишине географиялык жана башкаруучулук маалыматтык системдер, компьютердик жабдуулар менен бухгалтердик эсеп киргизилген.
Андан сырткары GPS-навигациясы менен атайын техниканын 3 бирдиги: авариялык техникалык жардам унаасы, экскаватор, кран берилмекчи. Ошондой эле кошумча тендер өткөрүлүп, атайын техниканын 6 бирдиги алынып келинүүсү да күтүлүүдө.