Октябрь районундагы 4 жаңы конушта жашаган 27,1 миң кишинин 72,3 пайызы гана каттоодо турат

Бишкектеги Октябрь районундагы 4 жаңы конушта жашаган 27,1 миң кишинин 19,6 миңи туруктуу же убактылуу жашаган жери көрсөтүлүп, каттоодо турат (72,3 пайызы). Тургундардын калган бөлүгү каттоодо турбагандыктан, ишке орноштуруу кызматынан толук пайдалана албай келишет. Бул тууралуу кечээ, 5-июнда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2014-жылдын алгачкы 5 айына карата көрсөткүчүндө белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, жарандарды кабыл алуу бөлүмү жаңы конуштардын тургундары үчүн жеткиликтүү маалымат берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иштеп келет. Район аймагында жайгашкан Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо, Рухий-Мурас жаңы конуштарында ишке орноштуруу кызматынын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтык стенддер жайгашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан