Бишкек шаардык мэриясына Кытай тарап грант катары 30 миллион доллар берди. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов “Урбан форумдун” жүрүшүндө билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытай тарабынан берилген грант Бишкектин инфратүзүмүн жакшыртууга жумшалмакчы.