Бишкекте өзгөчө корголуучу табигый аймактарга коомдун көңүлүн бурдурууга арналган иш-чара өтөт

8-июнда "Кара-Жыгач" багында жыл сайын өтүүчү Эл аралык “Парк марштары-2014” иш-чарасы өтөт. Ага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларынан, мектеп окуучуларынан жана “Жашыл ой – Юность” экологиялык лагеринин катышуучуларынан турган 10дон ашуун бала катышат. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөлөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты өзгөчө корголуучу табигый аймактарга коомдун көңүлүн бурдурууга жана коруктарды тазалоого багытталган. Иш-чара 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө жана 5-Июнь – Бүткүл дүйнөлүк экологияны коргоо күнүнө карата уюшулууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан