Баткендин Рават айылында 80 гектар дың жер өздөштүрүлөт

Баткендин борборунан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан 2 миңден ашуун калкы бар Рават айылынын эли менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын акими Сейитмурат Калыков, Ак-Татыр айыл округунун башчысы  Каныбек Рахматбай уулу жана тиешелүү ишканалардын жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда электр энергиясына байланышкан бир топ көйгөйлүү маселелер талкууланып, суу, сел өтүүчү жерлерди оңдоо, эскилиги жеткен электр мамыларын калыбына келтирүү жана алардын бүгүнкү күндө кооптуу абалда тургандыгы боюнча маселелер көтөрүлдү.

Элдин талаптарын уккан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү жетекчилерге аткарууга тапшырмаларды беришти. Ошондой эле өкмөттүн өкүлү Рават айылына жалпы сметалык баасы 60 миллион сомду түзгөн суткалык жөнгө салынуучу бассейндин долбоордук-изилдөө жумуштары өздөштүрүлүп, бассейндин курулушу Катта-Булак суусуна эсептелип, көлөмү 100 миң куб суу сакталуучу курулуш пландалып жаткандыгына токтолду.

«Бул курулуштун натыйжасында 80 гектар дың жер өздөштүрүлүп, элдин сугат суусуна болгон муктаждыгы толугу менен чечилет. Эгерде долбоор ишке ашса, айыл чарба продукцияларын өндүрүү көбөйүп, жаңы жерлерди өздөштүрүүдө кошумча жумуш орундары түзүлөт”,- деди Жеңиш Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан