Кечээ, 5-июнда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов 67 жаранды кабыл алып, ишке орноштуруу, эмгек миграциясындагы маселелер жана жаштардын укуктары боюнча суроолорго жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.