Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапташтары 27-майдан тарта депутатты бошотуу талабы менен Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп турган Ош облусунун Алай районунун Тамчы аймагында бүгүн, 6-июнга карата кырдаал өзгөрүүсүз калууда. Бул тууралуу ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жол тосуучуларга түшүндүрүү иштери жана сүйлөшүүлөр жүрүүдө.