Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укук-тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны 5-июнда өткөрүлдү. Жыйынды Координациялык кеңештин төрагасы Айтмамат Кадырбаев ачып, шаардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат берүү үчүн тиешелүү кызматтардын жетекчилери чакырылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда мэриядан билдиришти.
КРнын Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлакин Арзиев жана Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошев баяндама жасап, учурдагы кырдаал боюнча маалымат беришти.
Шаардагы коопсуздукту бекемдөө иретинде, айрыкча улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, терроризм, диний экстремизмге каршы күрөшүү багытында укук коргоо органдарынын, шаардык бийликтин, аймактык кеңештердин, жаштар, аялдар, акскалдар уюмдарынын, бейөкмөт уюмдардын биргелешкен аракеттери зарыл экени белгиленди. Координациялык кеңештин чечими чыгып, аткарууга жооптуу адамдар бекитилди.
Жыйында негизинен беш маселе каралды. Алар: коомдук коопсуздук, мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери, свет жана газ маселеси, жалпы шаар ичинде жана муниципалдык унаа базарында улуттар арасындагы мамилени чыңдоо.