Жол-кайгуул кызматы Ысык-Көлгө баруучуларды жол эрежелерин бузбоого чакырды

“Жол эрежеси - мыйзам. Мыйзамды сыйлаш керек. Ошондуктан бул туристтик сезондо Ысык-Көлгө баруучулардан жол эрежелерин бузбоону суранабыз”,- деп айтты бүгүн, 6-июнда маалымат жыйынында ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Темиркан Керимбаев.

Анын айтымында, ушул жылы Ысык-Көлгө баруучу жолдордо керек болгон учурларда рейддер жүргүзүлөт. “Бишкек-Каракол унаа жолу кенен жана жакшы салынгандыктан, анда катуу ылдамдыкта айдоого шарттар бар. Ошондуктан бул жол катуу көзөмөлгө алынат”,- деди Керимбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан