“Түндүк электр” ишканасы кышкы сезонго бир катар даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жогорку вольттогу трансформатордук көмөк чордондордун кубаттуулугун көбөйтүү максатында бир катар иштер жүрүүдө. Кыш түшкүчө жогорку вольттогу 35/6-10 кВт күчтүк көмөк чордондор кубаттуулугу күчтүүрөөк көмөк чордондорго алмаштырылмакчы.
Жыйынтыгында жогорку вольттогу турган трансформатордук көмөк чордондун кубаттуулугу 23,7 мВА көбөймөкчү. Ошондой эле “Түндүк электр” ишканасынын планында жогорку вольттогу 35/10 кВт “Орто-Сай” трансформатордук көмөк чордонду куруу, бир наамдагы базарга кубаттуулугу 16 000 киловольт-амперлүү эки күчтүк трансформаторлорду орнотуу да пландалууда.