Ош. Ички иштер органдары Июнь окуясынын 4 жылдыгына карата баш аламандыкка алып келүүчү күчтөр, ушак-айың жок экенин айтты

Ички иштер органдары Июнь окуясынын 4 жылдыгына карата баш аламандыкка алып келүүчү күчтөр, ушак-айың жок экенин айтты. Маалым болгондой, аймактагы кырдаалды көзөмөлгө алууну күчөтүү, чагымчылдыкка жол бербөө багытында алдын ала иш-чараларды жүргүзүү колго алынат. КРнын Ички иштер министрлигинин 3-июнундагы буйругунун негизинде 8-июндан тартып кошумча көрсөтмөгө чейин Ош шаардык, Ош облустук жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына караштуу бөлүмдөр менен кызматтар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

“Учурда Ош шаарынын аймагында коомдук-саясий кырдаал тынч, туруктуу. Жашоочулар өзүлөрүнүн күнүмдүк тиричиликтери менен алек. Июнь окуясынын 4 жылдыгына карата кандайдыр бир дестабилдештирүүчү күчтөр, ушак-айың жок”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан