6-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 667 миллион куб метрге жетти

2014-жылдын 6-июнуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 667 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциясы” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суунун агып кирүүсү секундасына 539 метр кубду түзсө, агып чыгуусу секундасына 229 метр кубду түзүүдө. Ал эми былтыр ушул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 71 миллион куб метрди түзүп, агып кирген суунун көлөмү секундасына 954 метр куб, ал эми агып чыккан суунун көлөмү 199 метр кубга барабар болгон.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан