Бүгүн, 6-Июнь - КРнын жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамы Мамлекеттик тарых музейинде салтанаттуу түрдө белгиленүүдө.
Иш-чара президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн окуу менен башталды. Андан ары КРнын Энергетика жана жеңил өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү жеңил өнөр жай кызматкерлерин куттукташты. Ошону менен аталган тармакта иш алып барган бир катар ишканалардын жетекчилери, министрликтин буйругуна ылайык, “Каарман” сыйлыгы менен жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.