Ошто газдын жоктугуна байланыштуу кечки убакта жарыкты өчүрүү токтотулуп, жергиликтүү калкка отун берилет

Ош шаарында бүгүн, 6-июнда жаратылыш газынын жоктугуна 53 күн болду. Буга байланыштуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атайын токтомунун негизинде тамак-аш даярдоо үчүн отун берүү сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калктын меш колдонуусу үчүн отун таратылмакчы. Бала бакчаларга Ош шаарынын мэринин арызынын негизинде отун берилери маалым болду.

Ошондой эле кечки убакта жарыкты өчүрүүнү токтотуу тапшырылды. Андан сырткары шаарда газ баллондорго суроо-талап өсүп, мэр жетекчилерге газ баллон менен камсыз кылуу боюнча да буйрук берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан