Жумгал районунда салынуучу түндүк-түштүк унаа жолуна 15 миллион доллар сарпталат

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Арал, Кызыл-Жылдыз айыл аймактарына багытталган түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун 12 чакырымына 15 миллион доллар каражат сарпталат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

“Учурда Кызыл-Жылдыз - Арал унаа жолунда жалпысынан 28 техника иштеп жатат. Жыл аягына чейин же болбосо жумуштардын башталуусу менен 56 техника тартылмакчы. Бул аймактарда 99 жаран иштеп келет. Анын ичинен 78 жаран кытай улутундагы ишкерлер болсо, 21и кыргыз улутундагылар”,- дейт министрдин орун басары Абдимамат Мурзабеков.

Маалыматка ылайык, учурда Арал айылындагы жумушчулар шаарчасында кызматкерлерге бардык шарты бар иш бөлмөлөрү жана жашай турган жайлары толук кандуу курулуп бүткөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkasym-2014
2014-06-07 19:02:30
Эмне учун озубуздо жумушсуздук куч болуп атса кытайлар иштешет.Кыргыздар алардан кем эмес.Бизде бир озгочолук бар,бир коруп жасап кете турган.Тушундуруп айтып койсо болду Кыргыздар эмне болсо жасайт.Айылдарда жумуш жок болуп турганда ОКМОТ ушул жагын дагы ойлоп койсо болмок.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан