Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 7-июндан 10-июнга чейин нөшөрлүү жаан-чачын болушу күтүлүп жатканын кабарлады. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Буга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги айылдарда сел жүрүү коркунучу жогору болмокчу.
Ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлөрү айтылды.