Бүгүн, 8-июнда "криминалдык авторитет"
Камчы Көлбаевдин жаза мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына КРнын Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы
Толубай Жакишев билдирди.
Аталган мекеменин басма сөз кызматы ырастагандай, К.Көлбаевдин жаза мөөнөтү аяктап, ал эртең менен №47-колониядан эркиндикке чыгып кетти.
Эске салсак, 2014-жылдын 14-майында
Жогорку Сот К.Көлбаевдин иши боюнча чыгарган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырганы айтылган. 2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган.
Ал эми 2014-жылдын 30-майында АКШнын
Мамлекеттик департаментинин сайтында Камчы Көлбаев тууралуу маалымат үчүн 1 миллион доллар бериле тургандыгы жөнүндө маалымат жарыяланган.