Алайдагы митинг: "Бизге эч ким сот чечимин угуза элек"

27-майдан бери жолду бууп турган Ахматбек Келдибековдун тарапташтарына Алай райондук соту тарабынан топтолушуна тыюу салган чечимин эч ким барып угузбаганын митингдин катышуучусу Адалат Мейрачова кечээ, 8-июнда билдирди.
Анын айтымында, соттун чечиминин ордуна бийликтегилер күч түзүмдөрү келерин кабарлаган салам жолдошууда. "Бизге карата кылмыш иши козголгондугун, сот чечими чыккандыгын үналгы, сыналгылардан гана көрүп-угуп жатабыз. Соттун чечими чыкканы айтылган эмес. Күч түзүмдөрү кечке маал келип ур-токмоко алат экен деген суук кабарды жолдошууда",- деди ал.
Эске салсак, ЖКнын депутаты, азыркы учурда абакта отурган Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын бийликке койгон талабы - Келдибековдун бошотулушу. Учурда жол жабык бойдон калууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан