Таласта кара өпкө ылаңынын алдын алуу маселеси көтөрүлдү

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында 6-июнь күнү мал чарбачылыгы жана эпизоотикалык абалы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коллегиялык жыйындын күн тартибинде Талас өрөөнүндө биринчи жолу катталып жаткан кой-эчкилердин кара өпкө (пастереллёз) ылаңын эмдөө жана алдын алуу иштерин жүргүзүү маселеси каралды.

Облустук ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын башчысы Айдар Жоробековдун айтымында, кара өпкө оорусу Талас өрөөнүндө алгач Арал айылында катталган.

“Божомолдор боюнча, ылаң Чоңор ашуусу аркылуу коңшу Казакстандан келген малдан тараган”,- дейт А.Жоробеков.

Аталган жыйынга өкмөттүн өкүлү Койсун Курманалиева жана анын орун басарлары, райондук администрациянын жетекчилери, айыл башчылары жана ветеринардык инспекциянын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан