5-Июнь - Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн акцияга Каракол шаары боюнча 75 мекеме-ишкана катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Каракол шаарынын мэриясынын басма
сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган акцияга катышкан 801 жаранга түшүндүрүү иштери, жаратылышка аяр
мамиле кылуу, айлана-чөйрө ар бир адамдын жан дүйнөсүнүн күзгүсү катары кабыл
алынуусу абзел экендиги айтылды.