Барак эксклавына курулуш материалдарын ташуу үчүн жөнөтүлгөн 7 унаа Ош шаарына кайтып келди

КРнын Өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундарынын курулуш материалдарын ташуу үчүн жөнөтүлгөн 7 унаа кечээ, 8-июнда саат 04:00дө Ош шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМ тарабынан жөнөтүлгөн 7 оор жүк ташуучу унаа курулуш материалдарды Кыргызстандын аймагына алып келүү үчүн 6-июнда жөнөп кеткен. Буга чейин ӨКМнын автоунаалары эки ирет курулуш материалдары менен мал-жандыктарды Ош облусунун Кара-Суу районуна көчүрүп келишкени маалым болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dadin
2014-06-09 10:53:16
Тушунбодум, эмне учун Барактан кыргыздарды кочуруп келип жатышат?
0
semakg
2014-06-09 11:55:10
Dadin, Коншулардын кысымына чыдай албады ал жердин тургундары эч жак менен байланышы жок Озбекстандын курчоосунда калган айылга биздин бактылуу окмот жол сурап бергендин ордуна(коридор кылып) кочуруп келип жатышат 240гектар жер туугандарга кетти деп коебергиле. Барак менен КРны болгону 1,5км аралык болуп турат экен. Акмактар эртен бул темпте кетсе Баткен элинда Бишкекке кочуруп кетишпесе болгону.
0
Dadin
2014-06-09 12:19:55
Ошондо "Барак" Кыргызстандын жери болсо, озбектерге белек болуп кеттиби?
0
Aviator
2014-06-09 15:04:34
алардын сох анклавын да кочуруп кеткидей кылыш керек. Туугандар дейсинер, башкалар тууган болсо да бул озбектер эзелу тууган болуп кыйратпайт.
0
admin_portal
2014-06-09 15:15:53
kg91 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
zenit28.
2014-06-09 22:15:44
эмне эле кочуро качышты бизге туура келген ХХХ жерлерине алмаштырышпйбыкен
0
admin_portal
2014-06-10 10:35:57
zenit28. - 10 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан