Маалыматка ылайык, секундасына агып кирген суунун көлөмү 644 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 235 метр кубду түзүүдө. Ал эми былтыр ушул маалда суу сактагычтагы суунун көлөмү 12 миллиард 261 миллион метр куб болчу. Анда агып кирген суунун көлөмү секундасына 920 метр куб, ал эми агып чыккан суунун көлөмү 214 метр кубга барабар болгон.