Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 7-июнда саат 23:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Катыраңкы каналынан келген сел каналдан ашып, Жыл-Кол айылындагы болжол менен 10-15 гектар эгин талаасын каптаган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле аталган облустун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Кызыл-Октябрь айылында 2-июнда 30 турак үйдүн короо-сарайлары сел калдыктарына толгон.
Ал эми тазалоо иштерине жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылып, 30 турак үйдүн короо-сарайлары толук тазаланып бүттү.