Бишкекте 2 айдан ашуун убакыт аралыгында менингит илдетине 179 адам чалдыккан

Апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин менингит илдети менен Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 179 бейтап жаткырылды. Учурда 1 жаш 10 айлык кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

“2 айдан ашуун убакыттан бери биздин ооруканага 179 адам кайрылып, баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Тилекке каршы, өтө оор абалда түшкөн 4 адам аталган оорудан каза тапкан. Учурда жандандыруу бөлүмүндө 1 жаш 10 айлык кыз оор абалда жатат”,- дейт Г.Аалиев.

Ооруканага жаткырылгандардын 66сы чоң адамдар болсо, 113ү 14 жашка чейинки балдар. Ал эми 59 бала 5 жашка чыга элек балдар.

Адистин айтымында, менингит оорусу дагы деле басаңдай элек. Ошондуктан шаар тургундары гигиенаны катуу сактоосу керек. Менингитке чалдыкпоо үчүн уктаган бөлмөнү маал-маалы менен желдетүү зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан