Быйыл окуучулардын жаңы мектеп формасынын үлгүсү ата-энелердин смс-добушу аркылуу тандалат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги улуттук колоритти колдонуу менен тигилүүчү мектеп формасы боюнча сынакты январь айында жарыялап, 24-апрелде жыйынтыктаган. Ага 27 дизайнер катышканы маалым.
Ал эми сынактын калыстар тобуна жарандык сектордун, ата-энелер коомчулугунун, Дин башкармалыгынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана Бишкектеги мектептердеги Жаштар кыймылынын лидерлери катышкан.