"Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң улуу эркек катары кирген Александр Имич 8-июнь күнү 111 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Имич 1903-жылы 4-февралда Польшада жарык дүйнөгө келген. 1939-жылы улутчулдардын чабуулунан кийин СССРге качып келип, 1951-жылы АКШга көчүп кеткен.
Узак жашоонун сыры боюнча берилген суроого дайыма: «Мен билбейм, жөн эле эрте каза болгон жокмун. Мунун кантип болгонун да билбейм»,- деп жооп берип келген. Ошону менен катар спорт менен алектенгенин, спирт ичимдиктерин ичпей, туура тамактанганга аракет кылганын жана тоок эти менен балык жегенин кошумчалап турган.
Ал планетанын эң узак жашаган адамы катары катталган эмес. Андан улуу 60 аял бар. Мындан ары "эң улуу эркек" деген титул япониялык Сакари Момоиге өтөт. Ал 1903-жылы 5-февралда туулган.