Бүгүн, 9-июнда Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 7-Июнь - КРнын Каржы-экономика кызматкерлеринин кесиптик күнүнө жана КРнын каржы-экономика системинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесине, Каржы министрлигинин борбордук казынасынын 20 жылдык мааракесине карата майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы райондогу каржы-экономика тармагында эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле райондун экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Атыргүл Алаева жана Калбү Айтиева Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Майрамдык салтанатта райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери каржы кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, өз мекемесинде эмгектенген каржы кызматкерлерине жана эмгек ардагерлерине Ардак грамота жана баалуу белектерин тапшырышты.