Ош мамлекеттик университети "Үлгүлүү билим берүү мекемеси” деп табылды

Ош шаарында өткөрүлгөн жашылдандыруу жана көрктөндүрүүнүн 2 айлыгынын жыйынтыгы менен Ош мамлекеттик университети "Үлгүлүү билим берүү мекемеси” деп табылып, университеттин медициналык колледжи Ош шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн сертификат, ал эми табият таануу жана география факультетинин жамааты шаардык мэриянын ыраазычылык каты менен сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган сыйлык ОшМУнун административдик кеңешмесинде айтылып, Медициналык колледждин директору Курсант Аттокуровго, табият таануу жана география факультетинин деканы Табылды Мамытовго сертификат, ыраазычылык каттар тапшырылды.

Окуу жай мындай наамга өз имараттарын жана анын айланасын, шаардын аймагындагы ОшМУга бекитилип берген көчөлөрдү, сейил бактарды тазалоодо, жашылдандырууда көрсөткөн активдүүлүгү, демилгелүүлүгү үчүн татып отурат.

Эске сала кетсек, ОшМУнун жамааты жаз айлары башталганда шаарда тазалоо иштерин жүргүзүп, демилге көтөрүп, шаардын аймагына көчөттөрдү отургузган. Ошондой эле окуу жайдын демилгелүү студенттери бир нече жолу ыйык Сулайман тоону, Токтогул, Навои атындагы эс алуу бактарын тазалоо акцияларын өткөрүшкөн. 2013-жылы да Ош шаардык мэриясы тарабынан ОшМУ «Үлгүлүү окуу жай» наамына татыган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagidko88
2014-06-09 15:44:44
Чындыгында ОшМУ татыктуу!!! Курсант агай, Таабалды агайларды жана жалпы ОшМУнун жамаатын куттуктайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан