Бишкекте илимпоздордун жана жаш окумуштуулардын дендрохронология боюнча эл аралык конференциясы өтөт

Бишкекте 10-15-июнь аралыгында КРнын Улуттук илимдер академиясында “Русдендро-2014” дендрохронологдордун эл аралык конференциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дендрохронология – илимде ийгиликтүү өнүгүп келе жаткан багыт, ал өткөн учурдагы аба ырайын, биологиялык процесстерди изилдегенге мүмкүнчүлүк берет. Миң жыл мурда аба ырайы кандай болгон, өзгөрүүсүнө кандай себептер таасир берди, ошого көңүл бурулат.

Аталган конференция орус, немис жана кыргыз илимий жана билим берүүчү мекемелер, ошондой эле жаратылышты коргоочу мекемелер тарабынан уюштурулган. Иш-чарада Орусиянын, Германиянын жана АКШнын дендрохронология боюнча атактуу илимпоздорунун, жаш окумуштуулардын билдирүүлөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан