“Белгисиз жагдайда чарчап калган ымыркайдын өлүмүн иликтеген комиссия шалаакылык кылган медайымды иштен бошотуп, 4 дарыгерге сөгүш берди”,- дейт Р.Асылбашева.
Эске салсак, 25-майда аталган төрөтканада 29 жаштагы Нурзада Садырбаеванын 5 күндүк ымыркайы каза болгон. Уулун жоготкон эне буга чейин баласынын өлүмүнө медайымдын шалаакылыгы себеп болгонун айтып келген. Ошондой эле ымыркайдын ата-энеси дарыгерлерге ишенбестик көрсөтүп, наристенин денесин медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткан.