Нидерландыда мусулмандар үчүн "халал" сойкукана ачылат

 2014-жылдын июнь айынын ичинде Нидерландынын борбору Амстердамда мусулмандар үчүн "Жылуу ай" аталышындагы "халал" сойкукана ачылганы турат. Мындай маалыматты бүгүн, 9-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, мында "халал", спирт ичимдиктерин, баңгизаттарын колдонбогон, 5 убак намаз окуган сойкулар кызмат көрсөтүшөт. Эгер тейлөө намаз окуу учуруна туура келсе, кардарлар сойкуларды күтүп турууга аргасыз болушат. 

Аталган жайдын менеджери Жонатан Свик учурда кадыр-барктуу 3 имам бул борделди ачууга макулдугун бергенин айтат. "Биздин борделдин кызматын көрүү менен мусулмандар арам жолдон алыс болушат",- деп билдирген менеджер өз сөзүндө.

Мындай жайдын ачылышы тууралуу жаңылык учурда интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда. Анткени шарияттын мыйзамы боюнча, аялдарга бөтөн эркектерге жакындаганга болбойт. Ал эми өбүшүү кылмыш катары эсептелет. 

Кошумчалай кетсек, Иран өлкөсү Канн кинофестивалында иран актрисасы Лейла Хатаминин Жил Жакобду бетинен өөп койгону үчүн аябай сындаган эле. Ал тургай студенттер тобу аны жазага тартуу сунушун киргизген. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, актриса 50 балак алмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
chalkan
2014-06-10 08:31:15
Никесиз зына болот, бул жагы эмне болот?
0
asiret
2014-06-10 09:52:31
chalkan, куудулдар айткандай 1 саатка нике кыйып койсо керек да
+1
vbrb
2014-06-10 10:02:17
Бул мусулмандар учун ачылган жай эмес, чыныгы мусулманга мындай жайдын кереги да жок, бул ислам динин каралоо, батыштын саясаты
+2
admin_portal
2014-06-10 10:27:10
joomart - 10 күнгө БАН!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
mambetov88
2014-06-10 10:43:02
бул жон эле мусулмандарды жамандоо, шылдындоо, болуп эсептелинет. урматуу окурмандар коп деле маани бербей эле койгула.
+5
Acer
2014-06-10 11:01:08
Астафраллаааааааааа!
0
wizard
2014-06-10 11:03:13
амстердамды басыпалып,кызда рын кун кылса,анда боло берет атак башка жол менен болбойт
0
Kara_kyrgyz
2014-06-10 11:04:37
аьузубиллах...
0
arzigul89
2014-06-10 11:22:04
АЛЛА ТААЛАМ озу сактасын,мындай нерсе шариятта жок,ал имамдар оздорун мусулманбыз дешет,бирок башка динде, вахабистер да мусулманбыз деп адам олтуруп атбайбы
+1
Asan-aka
2014-06-10 16:03:20
халал арактар да бар болсо керек
0
abaychik
2014-06-10 17:21:05
Кудай сактасын, бул европалыктардын оюну го, мусулмандарды жаманатты кылыш үчүн. Кудай жазаңы бергирлер.
0
aida2013
2014-06-10 18:24:10
ииииииииии бул дагы эмне деген шумдук ушундай кантип болсун окунучтуу ....
0
JUROK
2014-06-10 18:51:40
Тооба.
0
kamarik
2014-06-10 22:34:09
идиоты они а не мусульмани.астагфиралло
0
kg.555
2014-06-11 11:48:00
"Халал"-деген созду жаап алып бут баарын жасай беришет го буларын!,ошол уруксат берген кадыр барктуу 3 имамдын оозун жабышты да акча менен!
0
munar85
2014-06-12 11:43:26
жакында акча учун адал арак чыгарса тан калбай турган болуп калдык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан