Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаменти Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата дарыканалар арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынактын алкагында “Эң мыкты дарыкана”, “Ооруканын мыкты дарыканасы”, “Мыкты провизор”, “Мыкты фармацевт” аталмалары боюнча мыктылар тандалып алынмакчы.
Департаменттен белгилегендей, аталган сынакка бардык дарыканалык мекемелердин катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Сынакка катышуу үчүн дарыканалардын ээлери аталган департаментке акыркы 3 жыл аралыгында өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча маалым кат алып келиши керек.