Кыргызстандын башкы ветеринардык инспектору Бүткүл дүйнөлүк эпизоотиялык бюросунун Башкы ассамблеясынын 32-жыйынына катышып келди. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Мамлекеттик ветеринария кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору Ашырбай Жусупов Францияда АКШнын мамлекеттик башкы ветеринардык инспектору Жонас Милиус менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу ветеринардык кызматтардын ишин жакшыртуу маселесин талкууга алышты.
Ошондой эле АКШнын башкы мамлекеттик ветинспектору жакынкы убактарда ветеринардык стандарттар менен таанышуу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча Америкага кыргыз ветеринария тармагынын адистерин чакырды.