Бүгүн, 9-июнда Ош - Эркеч-Там жолун бууп турушкан Ахматбек Келдибековдун тарапкерлеринин өтүнүчү менен КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча өкүлү Сооронбай Жээнбеков, ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашым Тагаев Гүлчө айылына нааразычылык акциясынын лидерлери менен жолукканы жөнөп кетишти.
8-июнда Келдибековду колдоп жол тосуп турушкан митингчилердин лидерлери бийлик өкүлдөрүнө жолугушууну сунуштап, бардык маселени тынчтык жолу менен чечишерин айтышкан. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда Сопу-Коргон айылынын Тамчы аймагында 15 боз үй тигилип, 120дай адам жол тосуп турат. Ал эми өтө албай турган жүк ташуучу унаалардын саны 200дөн ашуун. Алардын 139у "Эркеч-Там" бажы постунун аймагында турушса, 80ден ашууну жол тосулган аймакка жакын жерде турушат.
Эскерте кетсек, 27-майдан тарта ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековду камактан чыгаруу талабы менен Эркеч-Там унаа жолун бууп турушат.