Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында эртең, 10-июнда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн саат 17:00гө чейин Киев, Орозбеков, Панфилов көчөлөрүндө, Көлмө конушундагы Айлана, Жаз, Ак-Көл, Козу-Баглан, Минск, Багратион көчөлөрүндө, Алтын-Бешик конушундагы Козу-Баглан, Жийде көчөлөрүндө электр энергиясын берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт.
Ошондой эле саат 9:00дөн 17:00гө чейин Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чыгыш айылында жана Аламүдүн айылындагы "Чекиш-Ата" базарынан тарта чоң жол тарапты көздөй, Октябрь айылындагы Шопоков, Жаш Гвардия, Киев көчөлөрүндө электр чубалгыларын жана трансформаторлорду оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.