Ошто Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы башталды

Бүгүн, 10-июнда 2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясын эскерүү кечеси шаарда "Энелердин көз жашы" эстелигинде башталды. Ага Июнь окуясында каза болгондордун, дайынсыз жоголгондордун жакындары жана бийлик өкүлдөрү, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда. 
Анда бир мүнөттүк аза күтүлүп, бейкүнөө каза тапкандарды эскерүү менен катар асманга 3 ирет ок атылды.
Эскерте кетсек, 2010-жылы улуттар аралык кагылышта, мамлекеттик комиссиянын расмий маалыматы боюнча, 426 киши каза тапкан, 35 киши дайынсыз жоголгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
best-life
2014-06-10 10:49:55
Эми башталдыбы эскеруу ишитери,апрель окуясын марттан баштап элдин кулагына куюп башташат го,адамды тажатып. Чыныгы эр-азаматтар ошол июнь окуясында курман болгон биздин атуулдарыбыз, алар кыздарынын намысын, улутунун намысын коргойбуз деп болок эл мн баатырларча согушкан!!!
+1
kunichka
2014-06-10 11:30:33
best-life, Таамай так айтылган создор!Чыныгы эр азаматтар мына ошондо чыгышты элибиз Ош шаарыбыз деп!Апрель окуясындагыларга окшоп аракка тоюп алып чыгып окко учкандарга окшобой!
+1
gulperi.kg
2014-06-10 11:11:41
Эстегим да келбейт.
-1
kunichka
2014-06-10 11:22:41
Эххх кандай гана кыйын кундорду откоргонбуз ошондо....Теледен каратып туруп эле каза болгон,жоголгон адамдардын санын аз кылып айтып жаткан ошондо.Жакындарынан айрылгандарга Аллахым сабыр берсин.Кудайга шугур Ош шаарыбызда азыр коркуно чыгып калды,куйгон жерлер ондоп-тузолуп.Заманыбыз тынч болсун элибиз аман болсун!Башка андай согушту корбойлу!
+1
uylaak
2014-06-11 15:05:21
Ош коогаланына ким куноолу экенин эл билет!!!Ошондо Ташиев эл менен кошо аягына чеин болду эркек экен!!!Анан бардагы чыккан шаарды гулдодуп салган Мелис Мырзакматов дагы эркек экен. Анан ошончо кылган иштери козуно корунбой иштен алып салган адам-катын экен ,кемпир, лолу десенда болот!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан