Маалыматка ылайык, наристелердин ата-энеси жаш үй-бүлө болгондуктан, бир жума мурун муфтиятка жардам сурап кайрылышкан.
“Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев алардын үйүнө келип, Амир, Амира, Аминанын (бирөөсү чарчап калган) аттуу наристелердин ата-энесине акчалай жардам көрсөттү. Ошондой эле балдар келечекте Кыргызстандын атагын алыска чыгарган, эли-журтуна кайрымдуу жана ыймандуу, ата-энесин сыйлаган улан-кыздардан жана кыргыз журтунун деңгээлин көтөргөн мыкты инсандардан болушун тилеп бата берди”,- дейт А.Саипов.