Каракол шаарынын мэриясы шаардын бюджетин колдонуу жөнүндө маалыматтар камтылган баракчаларды чыгарат

Каракол шаарынын мэриясы шаардын бюджетин колдонуу жөнүндө толук маалыматтар камтылган баракчаларды чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун максаты - жарандарга шаардын бюджетинин колдонулушу жөнүндө маалымдоо, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жана бекитүү боюнча иш-чараларга коомчулукту катыштыруу. Иш-чаранын алкагында баракчаларды электрондук түрүндө да чыгарып, аны интернет-сайттарга таратууну пландоодо.

Шаардын бюджети тууралуу, салык төлөмдөрү, каражаттарды бөлүштүрүү жана башка көптөгөн маалыматтар 20 барактын ичинде камтылмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан