Баткен облусунда 317 мечит бар, анын ичинен 50дөн ашыгы каттоодон өткөн эмес

Баткен облусунда 317 мечит, 34 намазкана, 10 медресе, 3 чиркөө жана 2 сыйынуучу жай бар. Анын ичинен 50дөн ашык мечит, 40тан ашык намазкана мамлекеттик каттоодон өткөн эмес. Бул тууралуу кечээ, 11-июнда Дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн токтомуна ылайык, диний экстремизмдин, фундаментализмдин жайылышынын алдын алуу жана диний негиздеги чыр-чатактарга жол бербөө үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга жана шаарлардын мэрияларына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана коомчулукка бул багытта жүргүзгөн иштерди ар тараптан талдап, системдүү түрдө иш алып баруу милдеттери жүктөлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан