Таш-Көмүрдө ферросилико алюминий чыгаруучу заводунун курулуш иштеринин биринчи этабы башталды

Таш-Көмүр шаарында кечээ, 11-июнда ферросилико алюминий чыгаруучу заводунун курулуш иши расмий түрдө башталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

“Завод үч этап менен курулары пландалууда жана курулуш иштери толугу менен 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүлүүсү күтүлүүдө. Учурда курулуш иштеринин 1-этабы башталды. Ал 2015-жылдын аягына чейин жыйынтыкталат. Курулуш иштеринин 1-этабында 200 адам жумуш менен камсыз болсо, завод толугу менен ишке киргенде 1000ден ашык адам жумуш менен камсыздалат”,- деп белгилейт басма сөз кызматынан.  

Маалыматка ылайык, иш-чара КРнын Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев, “Поско” компаниясынын директору Ли Енг-Хун, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жусупжан Жээнбеков жана заводдун курулушуна көмөк көрсөтүп жаткан компаниянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Ал эми заводдун 1-этабынын курулуш иштеринин чыгымын кореялык “Поско” компаниясы каржылоого алган жана ага 25 миллион доллар сарпталмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekos2012
2014-06-12 16:42:30
Таш-Комурдо ушул жерге завод курулат деп ар жерге таштар толуп кетти (Чудиновдун, Бабановдун, Атахановдун ташы) Кечээ дагы бир таш кошулду "ПОСКО" деген... Курулса жакшы болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан