Бүгүн, 12-июнда Ош шаардык мэриясынын чоң жыйындар залында калктын биометрикалык маалыматтарын чогултууга даярдык жүргүзүүнүн алкагында биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жол-жоболорун көргөзгөн жыйын өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага шаардык мэриянын алдында түзүлгөн штабдын курамы, аймактык кеңештерде биометрикалык маалымат чогултууга тартылган жумушчу топтордун мүчөлөрү, жалпы Ош облуcу жана Ош шаарында биометрикалык база түзүүгө тиешеси бар кызматкерлер катышат.
"Инфоком" мамлекеттик ишканасынын адистери биометрикалык маалыматтар кантип чогултуларын көрсөтүп, кеңири маалымат беришет.
Айта кетсек, иш-чараны Ош шаардык мэриясы, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасы биргеликте уюштуруп жатат.