Ош шаарынын мэри тендерлерди ачык өткөрүүнү талап кылууда

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардын аймагындагы бардык мекеме-ишканаларда, уюмдарда болуучу тендерлерди мыйзам чегинде, коомчулуктун, ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык-айкын өткөрүүнү жана бардык маалыматтар эл үчүн жеткиликтүү болушун талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Калаа башчысынын пикиринде, мамлекеттин, элдин каражаты оӊду-солду максатсыз чачылбашы керек. Тендерлердин таза өтүшү каражатты үнөмдөөгө, аткарылган жумуштун же сатылып алынган буюмдун, кызмат көрсөтүүнүн сапаттуу болушуна, негизгиси, аймакта эркин атаандаштык шартын жаратууга, ишкерлердин алга умтулуусуна өбөлгө болот.

«Эл баарынан кабардар болуп турушу керек: канча каражатыбыз бар, аны кайда жумшап жатабыз, ишти кимге тапшырганыбыз ачык болуусу шарт... Ишкерлер иши менен атаандашсын, тааныш-тамыр, сатып алмайга таптакыр бөгөт коюшубуз зарыл»,- деп кошумчалайт мэр Кадырбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан