Бүгүн, 12-июнда Жалал-Абаддын Сузак районунун аймагындагы Сампа участкасында 2010-жылы Июнь каргашасында каза болгондорго арналып курулган эстеликтин жанында эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары, Жалал-Абад шаарынын вице-мэрлери, Сузак, Жалал-Абад шаарларынын тургундары жана каргашада каза болгондордун жакындары катышышты.
Анда каза болгондорго куран түшүрүлүп, гүлчамбарлар коюлду.
Эскерте кетсек, Сампа окуясында 2010-жылы 16 адам каза болгон. Ал эми бул ишке тиешеси бар делген 18 адам соттолгон. Иш-чара Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, сый тамак берүү менен улантылып жатат.